БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Уурдалган Орхан Инандынын жубайынын адвокаты Таалайкүл Токтакунова Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга адвокат өзү билдирди.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы арыз түшкөнүн тастыктап, Бишкек ШИИБде адам уурдоо фактысы боюнча кылмыш иши бар экенин белгиледи. Маалыматка ылайык, адвокаттын арызы ошол сотко чейинки өндүрүштүн алкагында каралмакчы. Ошондой эле бул иш Бишкек шаарынын прокурорунун жеке көзөмөлүндө турганы кошумчаланды.
"Уурдоого Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлеринин катыштыгы болушу мүмкүн деген маалымат боюнча Аскер прокуратурасына тийиштүү тапшырма берилди. Эгер катыштыгы болсо иш-аракетине жараша юридикалык баа берилет", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган "Сапат" лицейлер тармагынын президенти Орхан Инандыны кармоо боюнча атайын операция ийгиликтүү өтүп, өлкөгө алып келингенин билдирген. Мындан улам кечээ ТИМ Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганга нота тапшырды. Аны Кыргызстандын укук коргоо органдары бир айдан бери издеп жаткан эле.