Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн бул тармакты тескеген министрликтин жетекчилигинде туруктуулук болуш керек. Бул тууралуу Карыпбек Асанов Sputnik Кыргызстан радиосунда билдирди.
Анын айтымында, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн дан эгиндерин өстүрүүгө артыкчылык берилиши зарыл.
"Азык-түлүк коопсуздугуна анча маани берилбей келген. Соңку убакта буга приоритет берилип, көңүл бурулууда. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо нандын орду жогору. Андыктан дан эгиндерин эгүүгө басым жасалышы шарт. Кыргызстанга болгону 750 миң тонна буудай жетиштүү. Ал үчүн 200 миң гектар сугат аянт керек. Өлкөдө 350 миң гектар аянтка кылкандуу дан эгиндери себилгени менен түшүмдүүлүгү начар. Союз учурунда гектарынан 40-60 центнерден түшүм алынчу. Азыр эптеп эле буудайды үрөн деп дотациялашууда. Айыл чарба тармагында көйгөйлөрдү чечүү үчүн кеминде төрт-беш жыл талап кылынат. Ошондуктан аталган тармакты башкарган жетекчиликте туруктуулук болушу абзел. Бат-баттан министр алмаша берсе натыйжа көрсөтүү кыйын. Учурдагы министрликтин жетекчилиги бул көйгөйлөрдү колго алып жатканы колдоого татырлык. Айыл чарбасында эң негизгиси үрөн болсо, ал эми мал чарбачылыгында асыл тукум болуп эсептелет. Ошондуктан аталган тармакты иретке келтирүү аракети көрүлүп жатканы жакшы", — деди Асанов.
Ошондой эле ал мамлекеттик запастагы жерди министрликтин карамагына өткөрүү зарылдыгы эбак жетилгенин кошумчалады.
Толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүздөр: