Буга чейин далай качкан. Чүйдө 15 жаштагы бала кайрадан изделүүдө. Сүрөт

Жоголгон баланын энесинин айтымында, ал 5-классында эле окуусун таштап, үйдөн кача баштаган. Акыркы ирет 20-февраль күнү үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов райондук милициясынын кызматкерлери буга чейин бир нече ирет жоголуп, кайра табылган 15 жаштагы Адилет Данияровду издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
Дайынсыз жоголгон Адилет Данияров
Ага ылайык, укук коргоо органдарына 8-апрелде 36 жаштагы аял кайрылып, уулу Адилет Кум-Арык айылындагы үйүнөн 20-февраль күнү чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин билдирген.
Аталган факт каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
"Арыз берген аял сурак учурунда өспүрүм Ысык-Көлдө төрөлүп-өскөнү, 5-классында мектептеги окуусун таштаганы белгилүү болду. Андан кийин үйдөн качып, түнү менен, жадагалса айлап, жумалап келбей койчу экен. Ошондуктан энеси мурда арыз жазган эмес. Ошондой эле баланы милиция кызматкерлери бир нече жолу туугандарына жана реабилитациялык борборго өткөрүп бергени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Иззделип жаткан баланын бою 160-165 сантиметр, чачы кара, өзү арыгыраак. Акыркы ирет кара куртка, кара спорттук шым жана кроссовка кийип жүргөн. Башынын сол жагында тырыгы бар.
Панфилов райондук милициясы Адилет Данияровду көргөн-билгендерди 0312 6079 89, 0702 31 75 22, 0557 08 03 87 жана 0701 79 0018 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.