Бишкекте ысык суу качан бериле турганы айтылды

Бир ай аралыгында суу түтүктөрү пландуу оңдоодон өткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даярдык көрүлгөнү маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Бишкекте ысык суу 17-июнда берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, ордо калаада ысык суу 17-майда өчүрүлгөн. Бир ай аралыгында суу түтүктөрү пландуу оңдоодон өткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даярдык көрүлдү.