Марипов баштаган премьерлер Лукашенко менен жолукту

Марипов учурда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен биргеликте Беларустун президенти Александр Лукашенко менен жолукту
2 / 3
Жолугушуу Минск шаарында КМШга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны алдында өттү
3 / 3
Андан соң делегация башчылары, тагыраагы, премьер-министрлер Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышкан.
Ага ылайык, жолугушуу Минск шаарында КМШга кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны алдында өттү.
"Лукашенко кеңештин жыйыны КМШга мүчө мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу өз ара кызматташууну күчөтүүгө, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча дем бере турганын белгилеген", — деп айтылат маалыматта.
Андан соң делегация башчылары, тагыраагы, премьер-министрлер Минск шаарындагы Жеңиш монументине гүлчамбар коюу аземине катышкан.