Жапаров менен Путин расмий сүйлөшүү учурунда уу коргошун тууралуу сөз кылган эмес

Өлкө башчылардын диалогу тууралуу буга чейин айтып берген министр кийин уу коргошун тууралуу кеп бейрасмий баарлашуулар учурунда гана болгонун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен жолугуп, расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн учурда уу коргошун темасында сөз болгон эмес. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Буга чейин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24-май күнкү Сочи шаарындагы жолугушуу учурунда Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровдон уу коргошун тууралуу өзү сураганын айткан. Ал уу коргошунду мурда колдонгон россиялык окумуштуулар менен анын касиетин талкуулап, коронавируска каршы каражат катары биргеликте изилдеп көрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын кошумчалаган.
Кийин министр уу коргошун темасы бейрасмий баарлашуулар учурунда гана көтөрүлгөнүн айтты.

Уу коргошун чуусу

Министр Бейшеналиев: менден өткөн мыкты адис табылса креслону бошотуп берем

Апрель айынын ортосунда президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында "Уу коргошун" жана "Иссык-Кульский корень" деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Кийин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Назира Артыкованын жергиликтүү ЖМКларга "Ысык-Көл тамырынын" кайнатмасы менен коронавирусту дарыласа болот деп ойлоо туура эмес экенин айткан. Ал журналисттердин "Сөз болуп жаткан кайнатма менен коронавирустан арылса болобу?" деген суроосуна: "Мүмкүн эмес. Бардык жерде илимий далил керек", — деп жооп берген.
Ал эми далилдүү медицина боюнча адис Бермет Барыктабасова "Ысык-Көл тамыры" Кыргызстандагы эң уулуу чөп экенин айтып, анын кайнатмасын пайдалануу элдин саламаттыгына коркунуч жаратарын билдирген.
Көп өтпөй уу коргошунга ууланган бир нече киши ооруканага түшкөн.