Радио

Жумадилов: санарип төлөмдөрдү колдонууда ыңгайлуу кызматтар көп

Банктар аралык процессинг борборунун башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Уланбек Жумадилов
Банктар аралык процессинг борборунун башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Уланбек Жумадилов алгачкы "Элкарт" 2006-жылы чыкканын белгиледи.
Sputnik
Улуттук төлөм системасынын "Элкарт" картасы 15 жылдын ичинде жакшы натыйжага жетишти. Бул аралыкта бардык социалдык төлөмдөрдү, бюджеттик мекемелерде иштегендерди аталган системада тейлөө колго алынды. Бул тууралуу Уланбек Жумадилов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, калктын каржылык сабаттуулугунун начардыгы аталган системаны мындан ары өнүктүрүүдө көйгөй жаратууда.
"Улуттук төлөм системасынын алгачкы "Элкарт" картасы 2006-жылы ноябрда чыккан. Мына ушул 15 жылдын аралыгында жакшы натыйжаларга жетиштик. Алсак, өлкөдө жалпы 3,4 миллион карта болсо, анын эки миллиондон ашыгы, төлөм карта ээлеринин 60 пайызы, "Элкарт" колдонот. Күн өткөн сайын колдонуучулар көбөйүүдө. Учурда социалдык төлөмдөр, бюджеттик ишканалар толугу менен ушул карта аркылуу тейленет. Ишенимдүү жана үзгүлтүксүз иш алып баруу камсыздалганы — эң башкы жетишкендик. Учурда санарип төлөмдөрдү колдонууда ыңгайлуу кызматтар бар, бирок калктын каржылык сабаттуулугунун начардыгынан алардын көпчүлүгү колдонулбай калууда", — деди Жумадилов.
Ошондой эле ал каржылык сабаттуулукту жоюу боюнча тынымсыз иштер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.