БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Мындан туптуура 125 жыл мурда, 1896-жылдын 6-апрелинде, биринчи заманбап Олимпиада оюндарынын ачылыш салтанаты болгонун Р-Спорт жазды.
Кайра жаралуунун демилгечиси француз коомдук ишмери, барон Пьер де Кубертен аттуу адам болгон. Ал 1894-жылы түзүлгөн Эл аралык олимпиада комитетинин башкы катчысынын милдетин аткарган.
Оюндар 1896-жылы Афинада 6-15-апрель күндөрү өткөн. Ага 241 эркек спортчу катышып, спорттун тогуз түрү — күрөш, велоспорт, жеңил атлетика, сүзүү, спорттук гимнастика, атуу, теннис, оор атлетика, фехтование боюнча таймашкан. Ал учурда эч ким улутка көңүл бөлгөн эмес, себеби медаль берүү жок эле.
28 жыл өткөндөн соң биринчилердин болуп спорттун кышкы түрлөрү боюнча таймаш өткөн. Ал Сегизинчи олимпиадага карата өткөн спорттук эл аралык жумалык деп аталган. Өтө кызыктуу болуп, көрүүчүлөрдүн саны арткан. Муну биринчи кышкы Олимпиада деп атоону чечишкен.
1920-жылы бардык Олимпиада оюндарында желек — олимпиадалык шакекчелердин сүрөтү түшүрүлгөн сүлгү көтөрүлгөн. Ал эми сегиз жылдан кийин Олимптеги Зевстин храмындагы күндүн нурунан алынган от менен олимпиада эстафетасынын отун жандыруу идеясы жаралган. Эстафетаны берүү биринчи ирет 1936-жылы Берлиндеги Оюндарды ачуу алдында жасалган. Анда факелди Олимптен үч миңден ашуун күлүк алып келген.
1976-жылдан тарта Олимпиада жеңүүчүлөрү допинг-тесттен өтө баштады. Эгерде спортчунун кызытма ичип алганы чыгып калса, аны сыйлыгынан ажыратып, дисквалификациялашкан. Допинг менен күрөшүү үчүн 1999-жылы Эл аралык олимпиада комитетинин колдоосу менен Допингге каршы дүйнөлүк агенттик (ВАДА) түптөлгөн.
Быйыл Токиодо жайкы XXXII Олипиада оюндары өтмөкчү. Анда спорттун 33 түрү боюнча рекорддук сандагы байгелер — медалдардын 339 комплекти ойнотулат.