БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык соту калаанын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салуу боюнча биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Анын алкагында Биринчи май райондук администрациясынын убактылуу чектөө боюнча өтүнүчү канааттандырылган жок.
Белгилей кетсек, 22-февралда Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг жана башка акцияларды, жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган. Бир гана Горький атындагы скверге чогулууга уруксат берилген.
Бул чечимге каршы болгон "8/365" деп аталган демилгелүү топтун өкүлү Евгения Крапивина 5-мартта шаардык сотко даттанган.
Кечээ шаардын борборунда аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык жүрүшү өтсө, бүгүн жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор митингге чыкты.