Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева абитуриенттер электрондук сүрөт жиберүүдө бир катар талаптарды сакташы керектигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн-каттоодон өтүшөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев маалымат жыйынында билдирди.
ЖРТдан эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы окуу жайларга тапшырды. Тизме
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева белгилегендей, бүтүрүүчүлөр ЖРТга окуган жери боюнча каттоого турушат. Ал эми мурдагы жылдары мектепти аяктагандар шаардык же райондук билим берүү бөлүмдөрүнөн системага кирүүгө уруксат алышы керек.
Каттоого туруу үчүн абитуриенттердин төмөнкү документтери болушу шарт:
Белгилей кетчү жагдай, бардык документтердин түп нускасы алынат. Көчүрмөсү жарабайт.
"Документке тиркеле турган сүрөттү уюлдук аппартка же фотоаппаратка тартса болот. Башкысы — сапаты мыкты болушу керек. Бүтүрүүчү камерага түз карап, кыйшайбай түшүшү шарт. Бети экрандын так ортосунда болушу керек. Шарф сыяктуу нерселерди тагынганга болбойт. Талаптар паспортко түшкөндөй эле. Эгер сүрөт туура эмес болуп калса, ЖРТга каттоо дагы мүмкүн эмес болуп калат", — деди Батракеева.
Ал, ошондой эле, учурда айрым бүтүрүүчүлөрдүн чаар ала фонго түшкөн же башка сүрөттөн кесилген сүрөттөрү келип жатканын кошумчалады.