БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын 1,5 миллиондон ашык киши алды. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын түз инвестициялар фонду кабарлаган.
"Спутник V" — дүйнөдө биринчилерден болуп COVID-19га каршы Россиянын Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунан иштелип чыккан вакцина. Препарат адамдын аденовирус векторунун мыкты изилденген платформасынын негизинде түзүлгөн.
Бул вакцина Россия, Беларусь, Сербия, Аргентина жана Боливия мамлекеттеринде жактырылган.