Бейшембиге карата аба ырайы

31-декабрга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 31-декабрь, бейшемби күнү, өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…-5, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -4…+1, Нарын аймагында -4…-9 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Термометр борбордо -2…-4, Ошто 0…-5 градусту көрсөтөт.