БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ушул тапта Бишкектеги Өкмөт үйүнүн алдында талапкерлиги премьер-министрликке көрсөтүлүп жаткан Садыр Жапаровдун колдоочулары чогулуп жатат.
Акцияда сөз сүйлөгөндөр бул тынч митинг экенин белгилешип, элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырып жатканы айтылды.
УКМК: дүрбөлөң түшүүгө негиз жок
Чогулгандар Жогорку Кеңештин спикерлигине Канат Исаевдин шайланышын негизсиз деп эсептеп, ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Учурда алардын саны 100гө чукулдап калды.