Шайлоо алдында партиясына кол шилтеп, тагдырын башкага байлаган депутаттар

Буга чейин парламенттик фракциянын лидери болуп, бирок шайлоонун алдында партиясына кол шилтеп кеткен депутаттыкка талапкерлер аз эмес. Ал эми кээ бир эл өкүлдөрү жаңы партияга өтөрү менен сап башына илинген.
Sputnik

Шайлоонун үгүт иштери башталарына саналуу гана күндөр калды. Кечээ, 24-августта, саясий 17 партия Борбордук шайлоо комиссиясына талапкерлердин тизмесин тапшырды. VI чакырылыштын депутаттары кайрадан мандатты көздөп турат. Бирок бир катарлары мурдагы партиясынан кетип, саясий көз карашын башкалар менен бөлүшө турган болду.

Sputnik Кыргызстан партиясын алмаштырган VI чакырылыштын эл өкүлдөрүнө саресеп салды.

Парламентте КСДП фракциясынын лидеринин орун басары болгон Төрөбай Зулпукаров "Биримдик" партиясы менен ат салышууда. Ошондой эле жаңыдан түзүлгөн бул партияга вице-спикер Аида Касымалиева, Евгения Строкова жана Марат Аманкулов кошулган. Белгилей кетсек, Марат Аманкулов "Биримдиктин" төрагасы. Маалымат булактарынын билдиришинче, КСДПнын мүчөсү, азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбеков менен Азамат Арапбаев дагы "Биримдик" партиясынын камчысын чабат.

Шайлоого катышып жаткан партияларга ким канча акча бере алат. Тизме

Мурдагы чакырылышта КСДПнын тизмеси менен биринчи ирет депутаттык мандат алган Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева жана Абдувахап Нурбаев "Ата Мекен" партиясына биригишти. Ал эми Жанар Акаев "Ата Мекендин" лидерлигин колго алып, көч баштап бармай болду. Эске салсак, Акаев 2017-жылы КСДП мүчөлүгүнөн чыгарылган.

Мурдагы бийликтин партиясы менен депутат болгон Искендер Матраимов "Мекеним Кыргызстан" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары айтылып келет. Гүлкан Молдобекова дагы ушул топко кошулуп, 14-тизмеге илинген.

КСДПнын дагы бир мүчөсү Аалы Карашев "Республика" партиясынын 15-тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болууну көздөп турат.

Мындан сырткары, жаңы негизделген "Социал-демократтар" партиясынын катарына Ирина Карамушкина, Анвар Артыков, Асел Кодуранова жана Карамат Орозова кошулуп, шайлоого аттанышты.

Мурадил Мадеминов менен Самат Ибраев "Бүтүн Кыргызстандын" туусунун алдында жарышка чыгарын билдиришти.

Алдыда эмне болот? Шайлоонун орчундуу даталары жана этаптары тууралуу маалымат

Өткөн шайлоодо экинчи орунду ээлеп, 28 мандат алган "Республика Ата-Журт" партиясынан депутат болуп, кийин фракция лидерлигин колго алган Жыргалбек Турускулов "Мекеним Кыргызстан" партиясына өттү. Аны менен кошо Марлен Маматалиев жана Таабалды Тиллаев дагы кетти. Үчөө тең "Мекеним Кыргызстандын" алдыңкы жыйырмалыгына киргени көрсөтүлгөн.

"Республика Ата-Журт" менен депутат болуп, 2018-жылдан тарта Megacom компаниясын башкарган Акылбек Жамангулов менен дагы бир парламентарий Айбек Алтынбеков "Биримдикке" кошулду. Ал эми Умбеталы Кыдыралиев "Замандаштын" камчысын чабары маалым болду. Талант Мамытов "Кыргызстан" партиясына өткөнүн жар салды.

Парламенттеги "Өнүгүү – Прогресс" фракциясынын лидеринин орун басары Зиядин Жамалдинов быйыл "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын желеги астында ЖКга барууга ниеттенип жатат. Ушул эле партиянын мүчөсү, вице-спикер Мирлан Бакиров "Мекеним Кыргызстанга" лидер болуп турган чагы. Тазабек Икрамовдун "Кыргызстан" партиясынан орун-очок алганы айтылды. 26-майда мандатын тапшырган "Өнүгүү – Прогресстин" мүчөсү Исхак Масалиев "Бүтүн Кыргызстанга" кошулду. Алтынбек Жунус уулу "Республика" партиясына тагдырын байлап жатат. Ал эми партиянын өзү (Өнүгүү-Прогресс) бул ирет шайлоого катышпай турган болду.

Түндө чыккан чыр. БШК "Кыргызстан" партиясынын чуусу боюнча чечим чыгарат

"Бир Бол" партиясынын мүчөсү Бакирдин Субанбеков "Биримдиктен" баш паанек тапты. Акылбек Жапаров Sputnik Кыргызстандын кабарчысына шайлоого барбай турганын айтып, бирок "Мекеним Кыргызстанды" колдоп жүргөнүн билдирди.

Соңку убакта "Ата Мекен" фракциясын парламентте жетектеп турган Айсулуу Мамашова "Замандашка" кошулду. Ал эми ага чейин фракция лидерлигин аркалаган Алмамбет Шыкмаматов "Бир Болдун" тизмесинин эң биринчи сабында турат.