Айсулуу Тыныбекова баштаган КРдин балбан кыздары Ысык-Көлдө машыгууга киришти

Курама команданын балбан кыздары пандемия учурунда атайын көрсөтмө менен ар бири өз алдынча машыгып келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова баштаган Кыргызстандын кыздар күрөшүнүн курама командасы жалпы машыгууну баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Кыздар күрөшү федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев билдирди.

"Пандемияга байланыштуу аргасыз тыныгуудан соң Кыргызстандын кыздар күрөшү боюнча улуттук курама командасы машыгууга киришти. Учурда балбандар башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жетекчилиги менен Ысык-Көл аймагында окуу-машыгуу өтүп жатышат", — деди Кенжебаев.

Токио-2021дин программасы чыгып, Айсулуу 3-августта күрөшмөй болду

Федерациянын вице-президенти буга чейин Sputnik агенттигине кыздар курамасынын мүчөлөрү карантинге байланыштуу башкы машыктыруучунун көрсөтмөсү боюнча ар бири өз алдынча машыгып жатканын билдирген болчу.