Радио

Пульмонолог: азыркы пневмония да абдан жугуштуу

Жогорку категориядагы өпкө дарыгери Бермет Естебесова аталган илдеттен каза болгон адамдын тажиясына барып, аралыкты сактабай жыйынтыгында оору жуктургандар көп экенин айтты.
Sputnik
Пульмонолог: азыркы пневмония да абдан жугуштуу

Коронавирус пневмониясы жукпайт деп жаңылышкан адамдар болууда. Бул тууралуу Бермет Естебесова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пневмония жукпайт деген жаңылыш ойлордон улам аталган илдеттен каза болгондордун тажиясына адамдар топтолуп барып, инфекцияны өздөрүнө жуктуруп жана таратууга себепкер болушууда.

Пульмонолог: коронавируска чалдыккан адамга саамал кооптуу

"Мен бул пневмония тууралуу айтарда элден ой жүгүртүүбүздү бир аз өзгөртсөк, жоопкерчиликтүү болсок деп суранып кетер элем. Анткени бул пневмония — коронавирустан улам кан уюп, өпкөнүн кан тамырларына толуп калгандыктан компьютердик текшерүүдөн пневмония деп көрүнүп жаткан оору. Анын кадимки бактериялык пневмониядан айырмасы — өтө жугуштуу. Анткени козгогучтары ошол эле COVID-19 вирусу. Өзгөчө аталган илдеттен каза болгон адамга куран окууга барып, аралыкты сактабай жыйынтыгында жуктуруп алгандар көбөйүүдө. Бизде өлүм кайра өлүмдү чакырууда. Андыктан кыргызстандыктар бул оорунун жугуштуу экенин эсинен чыгарбашы керек", — деди Естебесова.

Дарыгер ошондой эле коронавирус пневмониясынын жугуштуу экендиги илимий негизде аныкталгандыгын кошумчалады.