Россияда жылына 5 млн рублден ашык акча тапкандардын салыгы көбөйөт

Президент түшкөн каражатты оор илдетке чалдыккан балдарды дарылоого, препараттарын алууга жана медициналык аппараттарга жумшоону сунуш кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Россияда кийинки жылдан тарта жеке жактардын кирешесине салыктын коюму жогорулайт. Бул тууралуу президент Владимир Путин россиялыктарга жасаган кайрылуусунда билдирди.

Ага ылайык, кирешеси 5 миллион рублден ашкандар үчүн тариф 13 пайыздан 15 пайызга чейин өсөт.

Путиндин айтымында, бул бюджетке жылына болжол менен 60 миллиард рубль каражат түшүрөт. Акча сейрек илдеттерге чалдыккан балдарды дарылоого, препараттарын алууга жана медициналык аппараттарга жумшалмакчы.