Бишкек менен Чүйдөгү 8 мектепте медициналык иш бөлмөлөр ачылат

Мектептердеги медициналык бөлмөлөрдө кант диабетинен жабыркаган балдардан тышкары, башка дарты бар окуучуларга да көмөк көрсөтүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүйдөгү сегиз мектепте медициналык бөлмөлөрдү ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, министрлик "Диабетсиз балалык" коомдук бирикмеси менен кызматташуу меморандумуна кол койгон. Документ жалпы билим берүү уюмдарында кант диабети менен ооруган балдарга медициналык жардам берүүнү көздөйт.

"Меморандумга ылайык, Бишкек жана Чүй облусундагы сегиз мектепте медициналык кабинеттер ачылат. Анда компьютер, муздаткыч, кант диабети боюнча методикалык колдонмолор сыяктуу бардык жабдыктар болот. Мындан сырткары, кант диабети менен ооруган балдар жана өспүрүмдөргө туура медициналык жардам берүү, медайымдарды консультациялоо, тегерек столдор жана түрдүү иш-чараларды уюштуруу пландалган", — деп жазылат маалыматта.

Бул бөлмөлөрдө башка дарты бар балдарга да жардам берилет. Буга чейин Бишкектеги төрт мектепте медициналык кабинеттер ишке киргизилген.