БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бүгүн, 18-майда, Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна коронавирус менен күрөшүүгө жардам бериш үчүн медиктердин тобу жөнөп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Дарыгерлердин жумушчу сапарына кеткен бардык чыгымдар жана кошумча төлөмдөр эпидемиологиялык фонддон каржыланмакчы.
16-17-май күндөрү дагы Нарын облусуна медиктердин эки бригадасы кеткенин министрликтен кошумчалашты.
Маалыматка ылайык, ушуну менен аймактарга медиктерден турган жалпы 12 топ кетти.
Эске салсак, Чаткалда коронавирусту 35 адам жуктуруп алган. Ал эми Нарын облусунда бул сан 183кө жетти.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.
Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.