Билим берүү министрлиги окуу жылы качан аяктаарын айтты

Жалпы билим берүү мекемелери март айында каникулга эрте чыккандыгына жана май айындагы майрамдарга байланыштуу быйылкы окуу жылы кеч бүтөрү айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Быйылкы окуу жылы 30-майда аяктаарын Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Адатта мектеп окуучулары каникулга 25-майда тарашчу.

"Жалпы билим берүү мекемелери март айында каникулга эрте чыккандыгына, май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн быйылкы окуу жылы 30-майда аяктайт. 5-6-7-8- жана 10-класстар үчүн быйыл көчүрүү сынактары болбойт. 9-11-класстардагы бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациядан өтүү форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Атайын түзүлгөн предметтик мамлекеттик комиссия экзамендик бааларды алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен коёт", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жалпы республикалык тестирлөө 20-25-июнда мурдагыдай эле форматта өтөт. Азыркы тапта каттоо жүрүп жатканын министрликтен кошумчалашты.

Эске салсак, мектеп окуучулары коронавирус эпидемиясынан улам төртүнчү чейректи толугу менен аралыктан окушууда.