Белгилүү акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун сөөгү жерге берилди

Бир нече ыр китептин автору Зайырбек Ажыматов 29-апрелде каза болгон. Акындын артында эки уул, эки кызы калды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Акын, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкектеги Дордой жаңы конушундагы өз үйүндө өттү. Ага акындар, депутаттар жана кесиптештери катышты.

Эске салсак, Зайырбек Ажыматов 29-апрелде каза болгон.

44 жаштагы акындын артында эки уул, эки кызы калды.

Кылдат лирик, ойчул, терең акын эле... Зайырбек Ажыматовго жазылган некролог
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.

Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Азыркы тапта "Азаттык" радиосунда иштеп жаткан.