БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык жана оңдоп-түзөө иштерин өз учурунда жүргүзүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул туурасында Улуттук энергохолдингдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Уюмдун башкармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен селектордук жыйын өткөрдү.
Бир катар абоненттердин ишмердүүлүгүнө аймактагы киргизилген чектөөлөрдөн жана алардын ишинин токтоп калгандыгынан улам, колдонгон электр энергиясы үчүн жыйымдардын азайышы күтүлүп жатканы маалымдалды. Ал эми бул кырдаал алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыкты жана оңдоп-түзөө иштерин өз учурунда жүргүзүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп айтылды.
Назаров абалдан чыгуу үчүн энергетика компаниялардын каатчылыкка каршы чараларды көрүшү керектигин белгиледи.
Анын айтымына караганда, чыгымдарды болушунча кайра карап чыгып, бардык энергосистеманын туруктуу иштеши үчүн пландалган иштерди улантуу зарыл.
"Өндүрүшкө байланышкан мамлекеттик сатып алуулардын бардык процедураларын кечирээк мөөнөткө жылдыруу сунушталат. Айлык акы, салык жана социалдык которуулар кечиктирилбей жасалышы керек", — деди Назаров.
Кыргызстанда коронавирус учурда өлкөнүн бардык жагынан мүмкүнчүлүгүн чектеп жатат. Ишкерлердин бир тобу киргизилген өзгөчө абалдан улам толук иштебей, бир топ өнөр жай убактылуу тыным алууга аргасыз болууда.
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.
Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.