Депутат: ЖКда 1000дей киши чогулуп өзүбүз карантинди бузуп жатабыз

Ал ошондой эле өзгөчө абал режими бүтмөйүнчө ЖК депутаттарынын маянасын гана калтырып, транспорт, командировка жана башка чыгымдардын акчасын атайын эсепке которуу керектигин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жыйында сүйлөп, парламентте отургандардын баары карантин режимин бузуп жатканын айтты.

Бишкекте бир шарт менен таксисттердин иштөөсүнө уруксат берилиши мүмкүн
Депутаттын билдиргенине караганда, милиция көчөдөн эки киши көрсө да кубалап жатканда, Жогорку Кеңештин имаратында 1000дей адам жумушка чогулуп отурат.

Ал ошондой эле өзгөчө абал режими бүтмөйүнчө ЖК депутаттарынын маянасын гана калтырып, транспорт, командировка жана башка чыгымдардын акчасын атайын эсепке которуу керектигин кошумчалады.

Масалиев Республикалык штабдын ишин парламент координациялап турушу керектигин баса белгиледи.

"Конституция боюнча өлкөнү парламент башкарышы керек. Өкмөт башчы күн сайын коронавирус менен кантип күрөшүп жатканы боюнча төраганын алдында келип отчёт берүүсү керек. Ошондо гана биз парламенттик өлкө болобуз. Аны кызматтан кетсин деп айтпайм, бирок, эгер туура десе, өзү кетмек",— деди Масалиев.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 244ү аял, 205и эркек. Беш киши каза болду. Вирус аныкталгандардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында.

Масалиев: президент, төрага, премьер-министр 30 млн. сомдон эсепке которсун
Коронавирус жуктургандардын ичинен 98и медицина кызматкери.

Өлкөнүн бир катар шаар, райондоруна киргизилген өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узартылып, тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.