Бүгүн Москвадан келген 400дөй кыргызстандык кайда? Министрликтин жообу

Москвадан атайын чартердик рейс менен 400гө жакын кыргызстандык мекенине кайтты. Буга чейин алардын 62си аэропортто, 44ү транзиттик аймакта калган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бүгүн Москвадан алып келинген кыргызстандыктар обсервацияга жаткырылды. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-мартта, Москвадан чартердик рейс менен Кыргызстандын 398 жараны Бишкекке алып келинди.

"Келгендердин баарын аэропорттон үч күндүк карантинге жаткыруу үчүн алып кетишти. Бул аралыкта алгачкы анализдери таза чыкса 14 күндүк үй карантинине жиберилет", — дешти министрликтен.

Белгилей кетсек, үй карантининде отурган адам өзү жалгыз бир бөлмөдө болуп, жада калса үй-бүлө мүчөлөрү менен дагы байланышпашы керек. Анын эрежелери тууралуу бул материалдан кенен тааныша аласыз.

Коронавирус Кыргызстанда

Коронавирус: обсервацияларда иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды
29-март күнү Кыргызстанда дагы 26 адамга COVID-19 инфекциясы жукканы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.