Ош шаарына кирип-чыгууга чектөө кирди

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, үчөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Ош шаарына башка райондордон келгендердин кирүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Калаа мэри Таалайбек Сарыбашовдун буйругуна ылайык, шаарга кире турчу жети жерге санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Ал жакта санитардык кызматкерлер дезинфекция иштерин жүргүзүп, айдоочулардын дене табын өлчөп жатышат.

Жергиликтүү тургундарга да зарылчылык болбосо үйдөн жана шаар чегинен чыкпай туруу сунушталды.

Кыргызстандагы коронавирус жана өзгөчө кырдаал

Депутаттар бир жума элди кыдырып, коронавирустан сактануу жолдорун айтып берет
Жогорку Кеңештин депутаттары коронавирустун өлкөгө жайылып кетишине каршы чаралар боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатып, биримдикке чакырган флешмоб башташты.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 14кө жетти. Анын ичинен сегизи Сузак, үчөө Ноокат, бирөө Баткен районунун, экөө Бишкек шаарынын тургундары. Эки адамдын абалы оорураак деп бааланып жатат. Алардын бири, Жалал-Абад облустук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан 71 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө которулду.

Эске салсак, Кыргызстанда 18-мартта коронавирус биринчи жолу Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген үч адамга жукканы аныкталган.

Өкмөт 22-марттан баштап Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал жарыялады.

Өлкө аймагында ушу тапта абал кандай экенин билүү үчүн Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляцияга көз салыңыз.