БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кыргызстанга 15 өлкөдөн келген жарандар үй карантинине алынат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Учурда мурдагыдай эле Кытай, Түштүк Корея, Италия, Иран жана Япониядан келген кыргызстандыктар ооруканаларда 14 күндүк карантинде кармалат. Аталган беш өлкөнүн жарандары биринчи категорияга киргендиктен Кыргызстанга убактылуу кире албайт.
Март айынан тарта коронавирус жайылып, коркунуч жараткан өлкөлөрдүн тизмеси жаңыртылды. Ага ылайык, экинчи категорияга Франция, Германия, Испания, Сингапур жана АКШ турат. Ал эми үчүнчү категорияга Кувейт, Бахрейн, Таиланд, Швейцария, Улуу Британия, Австралия, Малайзия, Канада, Ирак жана БАЭ кирди.
Экинчи жана үчүнчү категорияга кирген өлкөлөрдөн келген кыргызстандык жарандар үй карантинине алынат жана бейтапкана дарыгерлеринин көзөмөлүндө болот.
Саламаттык сактоо министрлиги тизме дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалга жараша өзгөрөрүн маалымдады. Тагыраагы, кээ бир өлкөлөр биринчи категорияга жылып кетиши мүмкүн.