Чолпон-Атада 10 жылдан бери биринчи жолу белден кар жаады. Сүрөт, видео

Жергиликтүү тургундар тарткан видеодон кар белден жааганын көрүүгө болот. Адатта бул аймакка шамалдан улам кар турбайт.
Sputnik

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Чолпон-Атада 19-февралга караган түнү катуу кар жаап, бийиктиги 60 сантиметрге жетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жергиликтүү тургундар билдиришти.

Ал эми Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев аймакта буга чейин мынчалык кар жаабаганын билдирди.

"Акыркы 10 жыл аралыгында мынчалык көп кар жааган эмес. Ысык-Көл районунун калкы үчүн бул таң каларлык көрүнүш", — деди аким.

Жергиликтүү тургундар тарткан видеодон кар калың жааганын көрүүгө болот. Башка аймактарга дагы кар түшкөн. Мисалы, Жети-Өгүз районунан ушундай эле видео жиберишти. Андан УАЗ-452 унаасы жолго тыгылып калганын көрүүгө болот.