Димаш Игорь Крутой менен иштешпей калдыбы? Ырчынын өкүлү үн катты

Социалдык тармактарда казакстандык ырчы Димаш композитор Крутой менен кызматташуусун токтотту деген маалыматтар тарады.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген россиялык белгилүү композитор Игорь Крутой менен кызматташуусун токтоткон жок. Бул туурасында Sputnik Казакстан "ДимашАли" чыгармачыл борборунун расмий өкүлү Назым Жангазиновага шилтеме кылып билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда ырчы айтылуу музыкант менен кызматташуусун токтотту деген маалыматтар тарап кеткен. Эми анын түштүк кореялык продюсер менен иштеше тургандыгы да айтылган.

"Артисттин продюсерлик ишмердүүлүгү "ДимашАли" чыгармачыл борбору аркылуу ишке ашат. Димаш менен композитор Игорь Крутойдун чыгармачыл жана жылуу мамилеси бар экендигин эске сала кетейин. 2020-жылы Крутойдун компаниясы менен бирге өткөрө турган концерттер график менен өтөт", — деп билдирген Жангазинова.

Акыркы мезгилдери россиялык композитор менен казак ырчысынын чыгармачылык кызматташуусу майнаптуу болууда. 2018-жылы ырчы Крутойдун аккомпанементи менен "Любовь уставших лебедей" аттуу чыгарманы аткарган. Маэстро менен ырчынын дуэтинин премьерасы НТВ телеканалынын программасында "Центральное телевидение" программасында болгон. Кийинчерээк бул композиция менен Кремль сарайынын сахнасына чыккан.

Димаштын Нур-Султандагы концертинде Игорь Крутой ырчыга чыгармачылыгына суроо-талап түгөнмөйүн чыгарма жазууну уланта бере тургандыгын айткан.