Ошто ИИМдин штаттан тышкаркы кызматкери пара алып кармалды. Видео

Алдын ала айтылган маалымат боюнча, милициянын штаттан тышкаркы кызматкери акчаны ИИБ тергөөчүсүнө бермек.
Sputnik

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Ошто ИИМдин штаттан тышкары иштеген кызматкери пара алып жатып кармалды. Маалыматты Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур тастыктады.

Алдын ала берилген маалымат боюнча, шектүү Ош ИИБинин улук тергөөчүсүнө иштеп келген. Акчаны да ошол тергөөчүгө бермек. Кызматкер 5 500 сом алып жатканда колго түшүрүлгөн.

Пара алууга шектелген адамды Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы кармаган.