Жээнбеков авиакырсыкка байланыштуу Токаевге көңүл айтты

Ушу тапта премьер-министр Аскар Мамин турган өкмөттүк комиссия түзүлүп, каргашанын чоо-жайы такталууда. Акыркы маалымат боюнча, кырсыктан 12 киши көз жумду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге жана жалпы элине авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Алматы — Нур-Султан аба каттамындагы кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм", — деп айтылат президенттин телеграммасында.

Алматыдагы авиакырсык: жүргүнчүлөрдү куткарып жаткан видео жарыяланды
Белгилей кетсек, кырсык 27-декабрь күнү эртең менен болгон. 95 жүргүнчүсү менен бараткан учак абага көтөрүлөрү менен эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп жерге кулаган. Акыркы маалымат боюнча, каргашадан 12 киши каза тапты, анын ичинде экипаждын командири да бар.

Ушу тапта премьер-министр Аскар Мамин турган өкмөттүк комиссия түзүлүп, кырсыктын чоо-жайы такталууда.