БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 51-жумасында (16-23-декабрь) 50-жумага салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен ооругандардын саны 24 пайызга өстү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 51-жумада ооругандардын саны 6836 болсо, андан мурдагы жумада 5182 учур катталган.
"Ошол эле убакта былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22 пайызга төмөндөшү белгиленген. Анда 8628 учур катталган", — деп айтылат маалыматта.
Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, учурда республикада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык жагдай туруктуу, оору күтүлгөн деңгээлге дал келет.
Ооруну алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында өткөрүү максатында окуучулардын жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерде илдеттин мониторинги күчөтүлгөн. Окуучулар арасында сасык тумоо жана КРВИ аз кездешип, мектептердин жабылышы катталган эмес.
Ооруну алдын алуу чаралары:
- Туура тамактануу жана активдүү болуу;
- Эгер балдарыңыз же сиз ооруп калсаңыз, үйдө болгонуңуздар оң;
- Оорубаш үчүн жөтөлүп, чүчкүрүп жаткан адамдардан алыс болуу керек;
- "Жөтөлүү этикетин" сактоо — ооз, мурунду жаап чүчкүрүү;
- Дайыма колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү (айрыкча, ооз, мурунду кармагандан кийин);
- Эгер мүмкүн болсо, эл көп жерде көп жүрбөө;
- Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруу;
- Медициналык бет кап тагынып, аны 4 саат сайын алмаштыруу;
- Бейтапты өзүнчө бөлмөгө жаткырып, өзүнчө идиш, бет аарчы менен камсыз кылып, бөлмөнү тазалап, желдетип туруу кажет;
- Ооруканага кайрылуу зарыл. Адистер гана туура дарыланууну жүргүзө алат.
Өз алдынча дарылануудан алыс болгула, себеби ар кандай кесепеттерге алып келүүсү мүмкүн.