Сасык тумоого кабылгандар ооруканага батпай жатат. Өлкөдөгү абал

400 кишиге ылайыкталган Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 495 адам дарыланып жатканы, алардын көбү жаш балдар экендиги айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы жумада курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) менен ооругандардын саны көбөйүп, бейтаптар ооруканага батпай жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиев билдирди.

Эки жыл ичинде рак илдетинен көз жумгандар. Жан кейиткен сандар
Буга чейин редакцияга окурмандар кайрылып, аталган ооруканага кайрылган балдар батпай коридордо жатып калганын айтышкан. Ошондой эле убагында карабай жатат деп дарыгерлерге нааразы болушкан.

Гүлжигит Алиевдин айтымында, 400 кишиге ылайыкталган ооруканада 495 адам дарыланууда. Анын 400дөн ашыгы жаш балдар, бөбөктөрдү карап энелери да жатат. Жалпысынан 800гө жакын адам бар. Ал эми сыркоологон чоң кишилердин саны 74.

"Биз жугуштуу илдеттерди дарылаган жалгыз ооруканабыз. Кайрылгандарды эртең же бүрсүгүнү кел деп айта албайбыз. Себеби ооруларды тез арада дарылабаса өтүшүп кетет. Акыркы жумада сасык тумоого кабылгандардын саны өстү. Күнүнө 300-350 адам келип жатат. Биз коридорго, холлго болсо да жаткырганга аракет кылабыз. Бирок алар жерде жатпайт, керебет, шейшеп, жуурканын беребиз. Дарыгерлер күн-түн дебей иштеп, болгон аракетин көрүп жатат, — деди ал.

Алиев жыл сайын кыш мезгилинде мындай окуялар кайталанып турарын айтып, жаңы имарат салуу менен көйгөй чечилерин кошумчалады.

Ал эми Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору учурда курч респиратордук вирустук инфекция (ОРВИ) менен катталгандардын саны нормада экендигин билдиришти.

Дарыгерден сасык тумоону алдын алуу үчүн кеңештер:

  • ооруга кабылган адамдын жанына жолобоо;
  • эл көп чогулган жайларга барбоо;
  • витаминдүү тамактарды колдонуу;
  • жеке гигиенаны сактоо;
  • таза абада дем алуу;
  • уйкуну кандыруу;
  • тамакка пияз менен чеснокту колдонуу.