БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында бийиктиги 28 метрге жеткен балатынын оту жанды.
Жаңы жылдык аянтчанын салтанаттуу ачылышына калаа башчысы Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев, аксакалдар, шаар тургундары жана жаштар катышты.
Шаар башчысы тургундарга жана келген конокторго жаңы жылдык маанай тартуулоого жергиликтүү бийлик өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеген.
Майрамдык саамалык концерттик программа менен коштолду.
Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийлиги жаңы жылдык иш-чараларга жалпы жонунан 1 миллион 50 миң сом бөлгөн.