Ош милициясы ооруканада дарыланып жатып качып кеткен шектүүнү издөөдө. Сүрөт

Кылмышка шектүү Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен кармалып, ден соолугуна байланыштуу милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда ооруканада жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Милиция Ош шаардык ооруканасында дарыланып жатып качып кеткен Алмаз Калдыбаев аттуу шектүүгө издөө жарыялады. Бул туурасында аталган шаардын Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ош милициясы ооруканада дарыланып жатып качып кеткен шектүүнү издөөдө. Сүрөт

Маалыматка ылайык, бейтап Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") менен кармалган. Ал ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкеринин кайтаруусунда болчу.

Бишкектеги дүкөндөн интим товарлар уурдалып, 18 жаштагы балдар кармалды. Сүрөт
Бүгүн, 17-декабрда, ал из жашырып кеткен. Кандай шартта качып кеткендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүп жатканы айтылды. Шектүүнү кармоого багытталган "Сирена" операциясы да жарыяланды.

Кылмышка шектүү Алмаз Калдыбаев 1989-жылы туулган, Кара-Суу районунун Лангар айылынын тургуну. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 41-жатаканада убактылуу жашаган.

Ош шаардык ИИБи аталган жаран тууралуу билгендерди 102, 03222-4-82-82 телефондору аркылуу маалымат берип коюуну өтүнөт.