Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Аткаминерлердин декларациясына көз чаптыра турган болсок, жылына төрт-беш миллион сом киреше тапкандары да бар. Ошол эле учурда үрүп чыгар ити жок жакыр жашаган министрлерди да кезиктирүүгө болот.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги аткаруу бийлигинин негизги мүчөлөрү болгон министрлердин эмне мал-мүлкү бар экенине кызыгып көрдү. Бул үчүн 2018-жылга карата тапшырган декларациясын карадык.

Расмий документке ишенсек, аткаминерлердин басымдуу бөлүгү жарды жашайт экен. Ошону менен бирге эле жакын туугандарынын да эч кандай мал-мүлкү жок.

Белгилей кетсек, декларацияда "жакын туугандары" деп көрсөтүлгөн категорияга аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бир жылда 5 миллион 196 миң сом киреше тапкан. Баалуу зер буюмдарынын баасы 50 миң сомду түзөт. 98 миңдик компьютер жана башка техникасы, 50 миң сомдук эмереги бар. Деген менен аталган буюмдарын коё турган турак жайы жок. Жакын туугандары да эч кандай мал-мүлккө ээлик кылбайт.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев былтыр 4 миллион 402 миң сом иштеп тапкан. Ошол эле учурда чыгашасы 3 миллион 116 миң сомду түзгөн. Ал 82 чарчы метрлик батирдин ээси. Жылкыларынын баасы 500 миң, бодо малынын наркы 1,4 миллион сомду түзөт. Үй эмереги 200 миң, тиричилик техникасы 150 миң сомго бааланат.

Жакын туугандары 16,3 миллион сом чогултуп, кайра эле 16 миллионго чыгым болгон. Аянты 176,9 чарчы метр болгон батирде жашайт. Баалуу кагаздарда жана ишкерликте 50 пайыздык үлүшү бар. Чолпонбаевдин үй-бүлөсү миллиондоп киреше таап, короо толо мал кармаганы менен бир да автоунаа алган эмес.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бир жылда 936 миң сом тапкан. Аянты 56 чарчы метрлик батирге жана 36,4 чарчы метрлик үйгө ээлик кылат. Мындан башка өзүнүн да, жакын туугандарынын да байлыгы жок.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин бир жылдык кирешеси 590 миң сомду түзгөн. Коомдук тартипти тескеген генералдын 79,2 чарчы метрлик турак жайы бар. Андан башка эч кандай мал-мүлк жыйнаган эмес. Жакын туугандарынын 50,2 чарчы метрлик үйү, 8 сотых жер тилкеси бар. Бул үй-бүлө дагы автоунаа айдабай турганын айткан.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахметов бир жылда 547 миң сом иштеп тапкан. Мындан башка эч кандай байлыгы жок. Жакын туугандары да киреше таппайт, өзүлөрүнө таандык оокат-жайы жок.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев 2018-жылы министрдин орун басары болуп иштеген. Бул кызматка ушул жылдын май айында Нурбек Мурашевдин отставкасынан кийин дайындалган. Чодуев бир жылда 463 миң сом тапканын жазган. Toyota Highlander жана "Нива" үлгүсүндөгү автоунаалары бар.

Ал эми жакын туугандарынын эч кандай байлыгы жок.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бир жылда 373 миң сом киреше тапкан. Жарыяланган декларациясында турак жайынын аянты 1530 чарчы метр деп көрсөтүлгөн. Бирок министрликтин маалымат кызматы муну четке кагып жатат.

Жаманкуловдун жакын туугандарынын оокат-жайы тууралуу маалымат жазылган эмес.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бир жылда 343 миң сом тапкан. Декларациясында айыл чарба багытындагы 162,5 гектар жердин ээси катары жазылган. Муну тактоо үчүн Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Кочкоровдун өзү менен байланышты. Анда ал туура эмес маалымат жарыяланганын айтып, үйүнүн алдында 26 сотых огороду эле бар экенин айтты. Мындан башка өзүнүн да, жакын туугандарынын да эч кандай мал-мүлкү жок.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Юстиция министри Марат Жаманкулов кызматка 2018-жылдын сентябрында дайындалгандыктан декларациясы тапшырылган эмес. Мындан улам мурдагы министр Айнур Абдылдаеванын мал-мүлкүн жазууну туура көрдүк. Ал бир жылда 511 118 сом тапкан, 48,7 чарчы метрлик батирдин ээси. 700 миң сомдук баалуу зер буюмдары бар. Эмерегинин баасы 500 миң сом, фото, аудио жана видео жазуу каражаттарынын наркы 300 миң сом. Тиричилик техникасы 400 миң сомго бааланган.

Жакын туугандары бир да мал-мүлккө ээлик кылбайт.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Экономика министри Санжар Муканбетов быйыл январь айында кызматка дайындалган. Андыктан 2018-жыл үчүн экс-министр Олег Панкратовдун декларациясы жазылган.

Панкратовдун жылдык кирешеси 699 миң сомго жеткен. 2003-жылы чыккан Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаасы бар. Баалуу кагаздарда жана ишканаларда 100 пайыздык, 33 жана 1,17 пайыздык үлүшү бар экени айтылды.

Жакын туугандары 2003-жылы чыккан Honda Inspire автоунаасын айдайт.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Билим берүү министри Каныбек Исаков үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында кызматка келген. Ага чейин министр болуп иштеген Гүлмира Кудайбердиева 2018-жылы 420 миң сом тапкан. Анын 92,3 чарчы метрлик батиринен башка эч кандай байлыгы жок.

Ал эми жакын туугандары бир да мал-мүлккө ээ эмес.

Короо толо мал, кирешеси 5 млн. сом. Министрлердин кандай байлыгы бар

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов 2019-жылдын башында дайындалган. Ага чейин Жамшитбек Калилов иштеген. Бирок эмнегедир экөө тең декларация тапшырган эмес.

Эске салсак, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.