Бишкектеги атышуудан үч киши жаракат алды

Борбор калаанын батыш тарабында ок атылып, окуя болгон жерге келген милиция анын чоо-жайын тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Бишкекте болгон атышуудан Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна ок тийген үч киши кайрылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына нөөмөттөгү дарыгер билдирди.

Буга чейин Асаналиев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде ок атылганы маалымдалып, төрт машина жабыркаганы айтылган. Ишенимдүү кишинин айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаңжалдаша кетип, үч киши түрдүү жаракаттарды алган.

Милиция окуя болгон жерде ыкчам иликтөө аракеттерин көрүп жатат. Атышуу болду деген жерден гильзалар табылган.