Кытайдан келе жаткан 50 тонна алма "Торугарттан" артка кайтарылды

Маалыматта Кытайда өстүрүлгөн алмалардын фитосанитардык тобокелдиги жогору болгондуктан, карантинге алынгандыгы кабарланды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргыз-кытай "Торугарт" чек ара көзөмөл өткөрүү жайынан кечээ, 29-октябрда, Кыргызстандын аймагына киргизилип келе жаткан 50 тоннадан ашык алма кайра Кытайга кайтарылды. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинен кабарлашты.

Кытайдан келе жаткан 50 тонна алма "Торугарттан" артка кайтарылды

Маалыматта алмалардын фитосанитардык тобокелдиги жогору болгондуктан, карантинге алынгандыгы кабарланды.

Кытайдан келе жаткан 50 тонна алма "Торугарттан" артка кайтарылды
"Анда ЕАЭБдин техникалык регламенттерин жана Бирдиктүү карантиндик-фитосанитардык (маркалоонун жоктугу жана тез бузулуучу азыктарды ташуу) талаптары бузулган. Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин кызматкерлери текшергенден кийин карантинге алынган продукциянын партиясы Кыргызстандан Кытайга кайтарылды", — деп айтылат маалыматта.

Жүктүн мыйзамсыз экени коштоочу документтерди жана жүктү карап, текшерип жатканда аныкталган.