Сулуунун багын жандырып... Ач назар, ток назар же назардан арачалоо тууралуу

Кыргызда назары түштү, назары тийди, назарын салды деген түшүнүктөр бар. Назар деген өзү эмне? Назары түшсө эмне болот да назар тийген кандай болот? Бул тууралуу колумнист Шаакан Токтогул учкай ой жүгүрткөн.
Sputnik

Назар — бул кишидеги артыкча көңүл буруу, бир нерсени же кимдир бирөөнү эңиле жакшы көрүп карап коюу же артыкча көңүлүн коюу. Чени менен болсо кишини өстүрөр, чегинен ашып кетсе өлтүрөр дараметке эгедер күч. Кишинин ой сезиминин күчтүү агымы.

Ач назар, ток назар

Оозуңа карап сүйлөп, ооз басырык бер... Ооз тууралуу эки ооз сөз
Кишидеги пейилге жараша анын назары да ач, ток болуп бөлүнүп, аталышына ылайык назары бурулган кишиге таасир этет. Ач пейил киши сулууга, иштүүгө же ийгиликтүүгө назар сала турган болсо, анын терс энергияга уюган ой агымы сулууга сугу түшүп, иштүүнүн ишин бузуп, ийгиликтүүнүн бактысын ойрондотуп салышы мүмкүн.

Ал эми ток пейил кишинин назары түшсө сулуунун багы жанып, иштүүнүн өнөрү артып, ийгиликтүүнүн ташы өөдө кулайт экен.

Демек, ток пейил кишинин ой сезиминин күчү оң заряддуу энергия деп кабылдасак туура болор...

Назар тиет

Жаңы келген келинди, жаңы төрөлгөн ымыркайды, жаңы туулган ботону айрыкча аярлап, назардан сакташкан. Анткени жаңы келген келинди ошол үйгө келген кут деп кабыл алып, бирөөнүн көзүндө бар, бирөөнүн сөзүндө бар деп, көшөгөгө отургузуп, кабаттап жоолук салып саксакташкан. Байыркы кыргыз коомунда келинди кырк күн көшөгөдөн чыгарбай аздектешкен. Кийинчерээк тогуз, жети, үч күнгө кыскарган.

Ал эми жаңы төрөлгөн наристени аруулук, тазалык деп кабылдашып, ак-карасы аралаш дүйнөдөгү түркүн пейилдүү адамдардын назары тийбесин деп аярлашкан. Айрыкча өзгөчө белгиси бар же кишиден артык нурлуу, жакшынакай наристелерди жаман ат менен тергешип, уул болсо кыздын кийимин, кыз болсо уулдун кийимин кийгизип, эл назарынан жазгырышкан. Бала 12ге келгенде толук кандуу калыптанат деген ишеним менен бул жөрөлгөнү он эки жашка чейин карманышкан.

Жаңы туулган ботонун абдан жакшынакай болорун төө баккандар айтып жүрүшөт. Анан да абдан назик келип, киши назарын көтөрө албайт дешет. Ошондуктан бото туулганда атайы көшөгө тартып аярлашат экен.

Назардан арачалоо

Көрөөр көзүм көз жарды... Адамдын сырын жашыра албаган көз тууралуу
Кичинекей кезимде базардан же дүкөндөн түссүз баштык менен нан же таттуу алып келсек, астынан чымчып алып "тамакка көптүн назары түштү" деп итке берчү, айнек идиште сүт алып келсек, "көптүн назары ушуну менен кайтсын" деп бир-эки тамчыны бактын түбүнө төгүп койчу.

"Жакшы түш көрсөң, жат адамга айтпа" деген кеп бар эмеспи, иши оңолоор кишинин түшү оңолот деп түшкө маани берген кыргыз жакшы түшүн дагы назардан аярлаган тура.

Кыз балага үкү тагып, кооздук жасалга, зер буюмдар менен назардан арачалап, ал эми эркек балдарга канаттуунун тырмагын, азуулуунун тишин же тырмагын, карышкырдын чүкөсүн тумар кылып тагып коюшчу экен.

Эл оозунда

Элдик айтымдарда Айкөл Манастын оо дүйнө узаары белгилүү болуп калганда артында калар туягын көрүп калмак болот. Ошондой касиеттүү кишинин назарын ымыркай көтөрө албасын билип, Каныкей эне камчысын Семетейдин чекесине тийгизип, ошону жыттатканы айтылып келет.

Шыбага, кешик, табак түптүн мааниси эмнеде? Ырымга жасалчу азыктар
Жайыл баатырдын Теке, Үсөн деген эки уулу опсуз баатыр чыгат. Бала кезинен эле эр мүнөзү байкалат, өспүрүм кезде экөө жолборс кармап алып, мойнунан байлап, топ ичинде отурган Жайыл баатырга жетелеп келишет. Элдин баары дуулдап ийгенде Жайыл ордунан тура калып, "экөө биригип бир итти жетелеп келген тура" деп атайы эл назарын жазгырмакка катуу айткан экен.

Бүгүнкү күндө

Кам сүт эмген пенде деп коёт экен, андыктан кемчилик же чекилик кетирүү баарыбыздын башыбызда бар. Суктанып коюу, кызганып коюу, жакшы көрүп коюу ар кимибиздин жан дүйнөбүздө бар нерсе, ошондуктан өзүбүз башкаларга оң назар, ток назар салып, ачуулуунун ач назарынан сактанып жашасак экен...