БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Калаанын кафе-ресторан, дүкөн, ашканаларындагы тамак-аш коопсуздугу эки жыл текшерилбейт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш коопсуздугу боюнча бөлүм башчысы Махамат Мурзашев билдирди.
Буга чейин редакциябызга калаа тургундары кайрылып, эмне себептен тамактануучу жайларга кызыл, жашыл, сары стикерлер чапталбай калганын сураган.
Токтомго ылайык, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Бишкек жана Ысык-Көл облустарындагы бардык коомдук тамактануучу жайларды текшерип, мыкты жана начар жайларды аныктаган. Анда "талаптарга туура келет" деген жашыл стикерди бир эле ресторан алган.
Бирок өкмөт 2019-жылдын 1-январынан тарта ишкерлик субъектилерин текшерүүгө мораторий жарыялаган.
Тагыраагы, эми эки жылга чейин ишкерлик субъектилери текшерилбейт. Анын ичинде Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору да тамак-аш коопсуздугун карай албайт.
Махамат Мурзашевдин айтымында, бул жылдар аралыгында тамактануучу жайдан бирөө ууланса ага ал жайдын ээси өзү жооптуу болот.
"2019-2020-жылга чейин Кыргызстан боюнча кафе-ресторан эле эмес соода түйүндөр, тез татымдар да текшерилбейт. Быйыл биз бир да тамактануу жайын караган жокпуз. Кокустан эле кайсы бир ашкана же кафе-ресторандын тамагына нааразы болгон арыз түшсө, аны биз Экономика министрлигине жөнөтүп, ал жактан макулдук алган соң гана текшере алабыз", — деди Мурзашев.
2018-жылы өлкө боюнча жалпы 479 адам ботулизмден жабыркаса, быйылкы жылдын жети айында эле 279 киши тамактан ууланганы белгилүү болду.