Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ноябрда келет

Дастан Жумабеков Кыргызстан менен Казакстандын достук мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн кубанганын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Казакстан парламентинин Мажилис төрагасы Нурлан Нигматулин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Дүрбүчөн Жээнбеков, байкоо салган Путин. Оренбургдагы машыгуунун видеосу
Жумабеков Кыргызстан менен Казакстандын достук мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашууга түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн кубанганын белгиледи. Ошондой эле Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумуна чакыргандыгы үчүн казак тарапка ыраазычылык билдирип, аталган отурум аркылуу Казакстан Евразия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн парламенттерин жакындатуу боюнча жигердүү иш алып барып жатканын кошумчалады.

Ал эми Нурлан Нигматулин ушул жылдын ноябрь айында президент Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен барууну пландап жатканын маалымдап, анын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери талкууланат деген үмүтү бар экенин билдирди.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.