Миңдеген адамдар чуркап. Ак илбирсти сактоого арналган чуркоо видеодо

Бишкек шаарында бүгүн, 15-сентябрда, "Ак илбирсти сактайбыз" деп аталган эл аралык марафон болуп өттү.
Sputnik

Кечинде жамгырга карабай чуркашты. 1300 адам катышкан мелдештин сүрөттөрү
Күлүктөр борбор калаанын көчөлөрү менен чуркашты. Уюштуруучулар 1, 5, 14 жана 21,1 чакырымга чуркоо уюштурууну пландашкан. Финишке келген ар бир катышуучуга эстеликке медалдар берилди.

Катышууга төлөнгөн каражат илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага (GSLEP) которулуп, мындан тышкары, фотокапкандар сатып алынмакчы.

Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу иш-чаранын медиа өнөктөшү.