БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. АКШда 22 жыл мурда жоголгон киши Google картасынын жардамы менен табылганын BBC телеканалы билдирди.
Анын сөөгү көлмөгө түшүп кеткен автоунаанын ичинен табылган.
40 жаштагы Уильям Молдт 1997-жылы 7-ноябрда жоголуп кеткен. Ал түнкү клубдан чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Полиция издөө иштерин баштап, бирок максатына жетпей калган.
Быйыл август айынын аягында Флориданын Веллингтон шаарынан анча алыс эмес жердеги көлмөдөн машина табылганы боюнча полицияга маалымат түшкөн. Аны суудан алып чыгышканда ичинен кишинин сөөгүн табышкан. Бир жумадан кийин сөөк мындан 22 жыл мурда жоголуп кеткен Молдтко таандык экени белгилүү болгон.
Полициянын билдирүүсүндө көлмөгө түшүп кеткен автоунааны аталган аймактагы кыймылсыз мүлктү карап жаткан киши Google Earth картасынын жардамы менен таап алганы айтылат.
Машинанын сүрөтү 2007-жылы эле тартылган, бирок ага эч ким деле маани берген эмес.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.