Нарын облусуна жаңы жетекчи дайындалды

Жаңы жетекчини вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жамаатка тааныштырат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Эмилбек Алымкулов дайындалды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал жаңы жетекчини жамаатка тааныштыруу үчүн Нарынга бара жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Аманбай Кайыпов 5-сентябрда кызматтан кетип, орду бош турган.