"Баңгиге айланган" жылдыздар. ИИМ үрөй учурган видео жарыялады

Роликке Мирбек Атабеков, Актан Рыскелдиев, Орзубек Назаров тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү кызматы видеоролик жарыялап, Кыргызстандын сахна жана спорт жылдыздарынын эгер баңгизат колдонсо кандай болуп өзгөрөрүн көрсөттү.

Ролик наркоманиянын жайылышына каршы тартылып, Instagram тармагына жүктөлгөн.

Ага белгилүү ырчы Мирбек Атабеков, актерлор Актан Рыскелдиев менен Ростислав Ющенко, бийчи Юлия Катанаева, боксчу Орзубек Назаровдор тартылган. Баңги сымал гримделген жылдыздардын өзгөргөн келбетине болгон реакциясы да катуу болду.