Уюлгуган кара түтүн. Дордой конушунда кампадан өрт чыкты. Видео

ӨКМ кошумча маалымат берилерин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Свердлов районуна караштуу Дордой-1 жаңы конушунун аймагында өрт чыкканын ӨКМ кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, конуштун 10-көчөсүндө жайгашкан кампа күйүүдө. 

Уюлгуган кара түтүн. Дордой конушунда кампадан өрт чыкты. Видео

“Өрттү өчүрүүгө жалпы жонунан төрт бөлүм тартылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми кырсыктын видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.