Менин көз карашым ушундай! Жээнбеков Атамбаевдин иши тууралуу

Атамбаев бир нече жолу күбө катары суракка чакырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Өлкөнүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин иши Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде чечилүүгө тийиш. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Чүй облусуна жасаган сапарында айтты.

Белгилей кетсек, Жээнбеков аталган облустун Панфилов районунун жашоочулары менен жолугуп, элдин суроолоруна жооп берди.

Президенттин айтымында, мыйзамдуу өлкөдө иш-аракеттерди мыйзамдын алкагында гана жүргүзүү керек.

"Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктырарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы — бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун — мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби — мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай", — деди Жээнбеков.

Атамбаевдин иши 

Жээнбеков президенттикке киришкенде кандай убада бергенин айтты
Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Ага ылайык, мурунку президенттин Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алууга, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштерге жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоого тиешеси бар делген.

Мындан улам Атамбаев Ички иштер министрлиги тарабынан күбө катары үч ирет суракка чакырылган. Мурунку президент үчөөнө тең барган эмес.