БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандын балбандары грек-рим, эркин жана кыз-келиндердин күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Дүйнө биринчилиги 29-июлдан 4-августка чейин Болгариянын София шаарында өтөт.
Кыргызстандын намысын жалпысынан 25 балбан коргойт. Алардын сегизи кыздар.
Спортчулардын аталган мелдешке катышып келүүсү үчүн Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциядан 1 миллион 352 миң сом бөлүнгөн.