Көлдө, тоодо ат минип, тик учакта учкандар. Депутаттар кантип эс алып жатат

Жогорку Кеңештин депутаттары каникулга чыкканына бир ай болуп калды. Бул аралыкта айрым эл өкүлдөрү эс алуу учурундагы ирмемдерин эл менен бөлүшүүдө. Бири Көлдө жүрсө, экинчиси тоо койнунда же шар аккан суунун боюнда отурат. Чет өлкөдө эс алып жүргөндөрү да бар.
Sputnik

Бул материалда социалдык тармакка жүктөлгөн сүрөт, видеолор гана чогултулду. Калган депутаттардын каякта эс алып жүргөнү маалым эмес.

1. "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов кесиптеши Таабалды Тиллаев менен чогуу Жумгалдын Окторкой жайлоосунда эс алып жүргөн сүрөттөрүн Facebook баракчасына жарыялады. Ал "Жайлоодогу эс алуу өзгөчө эргүү алып келет. Сиздерге жакшы эс алууну каалайм!" деп жазган. Мындан сырткары, эл өкүлү кымыз, бешбармак, каттама жана кабыргадан жасалып жаткан шишкебектин сүрөтүн жүктөгөн.

2. Парламенттеги активдүү депутаттардын бири Элвира Сурабалдиева кум үстүндө отурган сүрөтүн чыгарды. "Ысыкта кыйналгандардын ачуусуна тиет окшойм. Бул сүрөттү жылуу сөздөр менен белгилеп койгум келди" деп соцтармактагы досторуна ыраазычылыгын айткан. Эл өкүлүнүн сүрөтү жана жазгандары Ысык-Көлдө эс алып жүргөнүнөн кабар берет.

3. Ал эми "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов чакан тик учакка отуруп Кыргызстандын ажайып жаратылышын бийиктен тартып баракчасындагы досторуна көрсөткөн. Анын видеосу соцтармакта талкууга түшүп түрдүү пикир айтылды. Мындан улам ал кайра түшүндүрмө берди. 

"Айланайындар, мынча мерез болуп кеткенбиз! Бул тик учак бир жаңы жиптин акчасы, салмагы 300 килограмм, эки орундуу, саатына 15 литр бензин куят. Рахат байке бир саатка бекер эле айландырып келди, мен болгону жакшы ойдо өзүбүздүн жаратылышты жарнама кылгым келди", — деп кайрылган.

4. Вице-спикер Аида Касымалиева Чолпон-Атадагы ипподромдо ат минип эс алган. Сүрөттөн ээрде жылмайып жайдары отурган депутатты көрө аласыз.

5. Жаш депутат Жанар Акаев Ысык-Көлдүн Григорьевка жана Семеновка капчыгайларына барганын айтты. Ал балдары менен оң колуна куш кармап турган жана балык уулап жаткан сүрөттөрүн жүктөгөн.

6.Жылдыз Мусабекова болсо төркүнүнө барып эс алган. Эл өкүлү Ат-Башынын Босого жайлоосунда болуп, шишкебек жасап жаткан ирмемдери менен бөлүшкөн. Ошондой эле ал сый көрсөткөн ага-эжекелерине ыраазычылыгын билдирген.

7.Исхак Пирматов болсо Facebook баракчасына АКШнын Монтана штатындагы Йеллоустоун паркында түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Бирок ал сүрөттөрдү чоочун көздөн жашырып достору гана көрө ала турган функцияга коюп койгон. Деген менен ал кадрларды башкалар көчүрүп алып "депутаттын эс алуусу керемет экен" деп өзүнүн баракчасына жүктөптүр.

8. Кыргызстандын тоолоруна чыгып эс алган депутаттарды көбүрөөк кездештирүүгө болот. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Алай жана Чоң-Алай райондорунун тоолорунда жүргөнүн жазган. Ал ак мөңгүлүү аска-зоолордун алдында алакан жайып "Ата Мекен" фракциясынын жылдык отчетун берген.

9. Ал эми Дастан Бекешев жар бооруна отуруп "Эми карасаңар, кандай кооз биздин жерибиз. Бул Барскоондогу шаркыратма, угуп, көрүп туралы!" деп сүйлөгон видеого.

10. "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да жаратылыштын койнунда жакындары менен кучакташып турган сүрөтүн жүктөгөн. Астында "Кызыл-Үңкүр айылындагы "Өнүгүү" дарагы. Таш жара турган күч" деп жазылган.