ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

ММА же сегиз бурчтукта бардык ыкмаларды колдонууга уруксат берилген аралаш мушташ спорттун популярдуу түрүнө айланды. Кыргызстанда дагы эр уруштун сүйүүчүлөрү күн санап өсүүдө. Балбандар Олимпиададан байге алууну эңсесе, мушкерлер UFC уюмуна барууну самайт. Эмнеге?
Sputnik

UFC — аралаш мушташ (ММА) боюнча турнирлерди өткөргөн атактуу уюм. Ал дүйнөдө биринчи орунда турат. Башкы кеңсеси Лас-Вегас шаарында жайгашып, аны америкалык Дана Уайт жетектейт.

UFCде азырынча Кыргызстандан үч мушкер гана келишим түзө алды. Алар — эже-сиңди Антонина жана Валентина Шевченколор менен Рафаэль Физиев. Эми кезек кимде деген суроо көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып келет.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спорттук компаниялардын жана мушкерлердин рейтингин аныктаган сайттарга таянуу менен UFC уюмунда күч сынашууга мүмкүнчүлүгү жогору жана үмүт арттырган кыргыз спортчуларын тизмектеди.

Бусурманкул Абдубаит уулу

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

Бул мушкерди сап башына алып чыкканыбыз дагы жөн жерден эмес. Бусурманкул Россиядагы белгилүү спорттук уюм M-1 Global менен келишим түзгөн алгачкы кыргызстандык.

M-1 Global дүйнөдөгү промоутерлик компаниялардын ичинен алтынчы орунда турат. Бул туурасында жүздөгөн лигалардын рейтингин аныктаган MMA-ORACLE.COM сайтында айтылат.

Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу
M-1 уюмунда 20 жыл аралыгында Федор Емельяненко, Жефф Монсон, Хабиб Нурмагомедов, Кенни Гарнер, Александр Волков жана Александр Шлеменко өңдүү мушкерлер ат салышкан. Бул лиганын турнирине катышып жүрүп UFC уюмуна барган мушкерлер арбын.

26 жаштагы мушкер М-1 Global уюмунда 2017-жылдан бери күч сынашып келет. Алгачкы ирет бразилиялык Диего Давелло менен беттешип тең чыкса, кийинки реванш-кармашта Давеллону утуп алган. Ошондон кийин уюм спортчу менен эки жылга келишим түзүүгө кол сунган.

Соңку беттешинде М-1 уюмунун мурдагы чемпиону Максим Дивнич жана Залимбек Омаров аттуу мушкерлерди жеңген.

M-1 жыл башында кыргызстандык мушкер быйыл чемпиондук наам үчүн беттешүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирген.

Кямран Аббасов

Бул мушкерди Кыргызстандагы спорт сүйүүчүлөр "жинди кыргыз" деп аташат. Түрк жигит октагондо өтө кызуу беттештерди тартуулап, журналисттерге кыргызча жооп бергени менен элдин сүймөнчүлүгүнө айланган.

Былтыртан бери Аббасовдун Азиядагы эң эле беделдүү ONE FC уюмунда жылдызы жанып турган чагы. Ал MMA-ORACLE.COM сайтынын рейтинги боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат.

Аббасов жакында эле аталган уюмдун алкагында мурдагы UFC мушкери Юшин Окамини нокаутка кетирген. Андан мурдагы турнирде малайзиялык Агилан Танини муунтуу ыкмасы менен утуп алган.

Спортчу ММА боюнча 21 беттеш өткөрүп, 4 ирет жеңилген. Карьерасында 25 беттеш өткөрүшү эле рекорддук көрсөткүч. Себеби кыргыз мушкерлеринин беттештеринин саны учурда орто эсеп менен 10-15ти түзөт.

Эгер бул мушкер ONE FC уюмунда дагы бир нече беттеш өткөрсө UFCге жол ачык деп айтууга болот. Бирок, албетте, бул спортчунун каалоосунан жана менеждеринин аракетинен көз каранды. Кямран учурда Новосибирскиде үй-бүлөсү менен жашап, машыгып келет.

Кубаныч Абдисалам уулу

Бул мушкердин өзгөчөлүгү быйыл дүйнөдө экинчи орунда турган ACA (Absolute Championship Akhmat) уюмунун Young Eagles кичи лигасынын 70 килограмм салмак категориясында чемпион болду. Демек, ACA менен келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.

MMA-ORACLE.COM сайтынын маалыматы боюнча, ACA промоутерлик компаниялардын ичинен экинчи катарда турат. Белгилей кетсек, мурдагы "Ахмат" лигасы менен Absolute Championship Berkut (ACB) лигасы биригип, ACA деген ат менен чыгууда.

Абдисалам уулу жалпысынан ММА боюнча 14 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген. Мушкер аралаш мушташка аралашкандан бери чет өлкөлүк уюмдарда көбүрөөк күч сынашып келет. Спортто "Омок" каймана аты бар. Жашы 25те.

Тилек Жээнбеков

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

Тилек Жээнбеков Орто Азиядагы бирден бир күчтүү мушкер. Буга кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиев ("Ак аюу") менен өзбекстандык Мурод Хантураев жеңе албаган украиналык Юрий Проценкону утканы далил. Проценкону былтыр 6-мартта WEF Global турниринин алкагында техникалык нокаутка учураткан. Ошол эле жылы 14-майда швециялык Малик Тамбени жеңген жана Кореядагы Angels Fighting спорттук лигасынын алтын курун тагынган.

Жээнбеков дүйнөлүк уюмдарда күч сынашууга каалоосу күч экендигин билдирип келет. Былтыр октябрдын башында карьерасына карап үй-бүлөсү менен Америкага кетип, UFC жылдызы Стип Миочич машыккан залга барган.

Бирок көп өтпөй машыгуу учурунда тизесин кокустатып алганына байланыштуу Кыргызстанга дарылануу үчүн кайтып келген. Америкага визасы дагы деле жарактуу экендигин белгилеген. Ага чейин Швециянын залдарында машыгып келген.

Мушкер ММА боюнча беш беттешти утуп, эки ирет жеңилген. Ошондой эле панкратион боюнча Евразия чемпиону, универсалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси. Каймана аты — "Азия арстаны".

Канат Келдибеков

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

"Тайсон" кыргыз элинин сүймөнчүлүгүнө айланган мушкер. Анын беттештеги өжөрлүгүн, тайманбас мүнөзүн эч бир спортчу менен салыштырууга мүмкүн эмес десек туура болчудай. Айрым учурда спортчулардын жеңиши ушул сапаттардан да көз каранды эмеспи.

Бойдок, чымыр денелүү, атактуу... Кыя өткөрбөгөн кыргыздын спортчу жигиттери
"Тайсон" каймана аты менен таанымал мушкер өлкөдөгү 66 килограмм салмактагы мушкерлердин сап башында. Муну ал WEF Grand Prix турниринде далилдеген. Анда уюштуруучулар бир турнирде 66 килограмм категориядагы алдыңкы спортчуларды топтоп, 8/1 финалдан тарта күч сынаштырган. Натыйжада Тайсон төрт мушкерди утуп, чемпион болгон.

Ал эми былтыр беделдүү делген россиялык "Ахмат" лигасынын алкагында чеченстандык ММА жылдызы Агшин Бабаевди муунтуу ыкмасы менен утуп, зоболосу бийиктеген. Ошондой кийин "Ахмат" лигасы менен келишим түзгөн. Мушкер Орто Азиядагы жана россиялык бир топ уюмдарда күч сынашып келет. ММА боюнча 12 беттешти утуп, 4 ирет жеңилген.

Үмүт жандыргандар

UFC уюму октагондо өзүн көрсөтө алган мушкерлерди дайым баалайт. Атаандаштарын сулата чаап, нокаутка кетирген спортчулар да жерде калбайт. Мындай мушкерлердин катарына "Ак аюу" каймана аты менен таанымал Мыктыбек Мамасалиев кирет. Бирок бул мушкер азырынча Орто Азия ичиндеги турнирлер менен гана чектелүүдө.

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

"Баха" каймана аты менен таанылган Бахтияр Тойчубаев дагы келечеги кең спортчулардын бири. Карьерасындагы чоң жетишкендиги — япониялык Road Fighting Championship уюмунда күч сынашып жатканы. Мушкер ММА боюнча 11 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген.

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

Нокауттары менен эл оозуна алынып келе жаткан Алимардан Абдыкааров WEF Grand Prix турниринде келечеги кең экендигин көрсөттү. Аталган турнирдин финалында Канат Келдибековду (Тайсон) жыга чаап, элдин оозун ачырган. Бирок Тайсондун муунтуу ыкмасына туруштук бере албай, утулууга аргасыз болгон.

Ушул беттештен кийин 24 жаштагы жигит коомчулукка тааныла баштады. Маектерде UFC уюмуна баруу аруу кыялы экенин белгилеген.

Шевченколор менен Физиевге UFC кучагын кантип жайды?

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

Эже-сиңдилер Антонина менен Валентина Шевченколор эс тарткандан бери карьерасына карап чет өлкөгө кетишкендиги маалым. Башында Россияда жашап, кийинчерээк Азия жана Европа мамлекеттерин кыдырышкан. Алар тайбокс, кикбокс, ММА боюнча беттештерге катышып, дүйнө чемпиону болууга жетишкен. 2015-жылдан тарта өлкөдөн алгачкылардан болуп Валентина Шевченко UFC уюмунда ат салыша баштады. Ал жактан жалпысынан 8 беттеш өткөрүп, кечээ жакында 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоду.

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

Ал эми эжеси Антонина UFC уюмунда былтыртан баштап күч сынашып келет. Акыркы беттешинде жеңилип калган.

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

Кыргызстандан эркектер арасында UFC уюму менен келишим түзгөн Рафаэль Физиев дагы 3-4 жылдан бери Таиландда машыгып келет. Тайбоксчу мелдештердин биринде атаандашынын тепкенинен "Матрица" тасмасынын башкы каарманы Нео сымал буйтап кеткенден кийин көбүрөөк таанылган. Физиев быйыл UFC уюмунун турнирине алгачкы ирет катышып, утулуп калган эле.