БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко америкалык Роксанн Модаффериге калыстардын чечими менен утулуп калды.
Late mount for @Roxyfighter #UFCStPetersburg pic.twitter.com/284G3XjX1t
— UFC (@ufc) 20 апреля 2019 г.
Учурда Санкт-Петербург шаарында UFC Fight Night 149 турнири өтүп жатат. Анда Шевченко 57 килограмм салмакта Модаффери менен раунд бүткүчө беттешип, натыйжада калыстардын чечими менен атаандашы жеңүүчү деп табылды.
Sweep ➡️ mount by @RoxyFighter 👀#UFCStPetersburg pic.twitter.com/FYAo0itlDs
— UFC (@ufc) 20 апреля 2019 г.
Антонина Шевченко тай боксу боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, спорттун ММА түрүндө жети ирет жеңүүчү аталган. Былтыр UFC уюму менен келишим түзгөн. Каршылашы Модаффери 23 мелдешти утуп, 15 ирет жеңилген.
"The Happy Warrior" @RoxyFighter pulls off the SD win at #UFCStPetersburg pic.twitter.com/ePj4J2sOjl
— UFC (@ufc) 20 апреля 2019 г.
Ушул эле мелдеште дагы бир кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев утулуп калган.